Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Ош облусу, Ноокат 22.03.2016 15:50

Ноокатта 8-класстын окуучусу мугалимге таарынып, өз өмүрүнө кол салды деген маалымат жалган, - мектеп директору

Turmush -  Ноокат районунда 19-мартта 8-класстын окуучусу мугалимге таарынып өз өмүрүнө кол салды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу райондогу М.Ломоносов атындагы орто мектептин директору Айнура Зулунова билдирди.

Анын айтымында, 8-класстын окуучусу лезвие менен кан тамырын кескен деген маалымат жалган.

«Окуучу кыз учурда эс алууда. Ал ушул жылдын 6-январында кышкы каникул учурунда атасынын дүкөнүндө кокусунан жыгылып, терезеге таянганда айнек сынып кетип, колун тилип кеткен. Ал эми 19-мартта мугалим менен пикир келишпестиктен болду деген маалымат туура эмес. Анткени 19-мартта окуучулар жазгы эс алууда болушса, кайсы мугалим менен пикир келишпестик болот?», - деди А.Зулунова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×