Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Ош облусу, Ноокат 10.08.2015 18:31

Айыл турмушу: Ошто 60 жаштагы шаар тургуну 60 кептер багууда (фото)

Turmush -  Ош  шаарынын тургуну Мурадыл Юсупов жаш кезинен тарта кептер багып келет. Ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде кептерлер адамдардын баш оорусун басаңдатуучу касиетке ээ экендигин айтат.

«Мен балалык кезден тартып кептерлер менен бирге чоңойгом.  Кептерлер тазалыкты абдан сүйөт. Алдын тынбай тазалап туруу зарыл.  Убагы менен суусу, данын берип турабыз. Дандын 12 түрү берилет ( арпа, буудай, чемичке жана башкалар). Кептерлердин нерв клеткаларын жөнгө салуучу касиетке ээ болуусу аларды башка канаттуулардан айырмалап турат. Аларды 20 мүнөт карап турган адамдын баш оорусу кадимкидей басаңдайт», - деди М.Юсупов.

Кептерлер 2 гана жумурканы басып чыгара алат. Көбөйүүсү да  башка куштарга салыштырмалуу жайыраак жүрөт.

«Кептерлер 2-3 айда балапан беришет. 18 күндө басып чыгарып, бир жарым айда  балапандар  жетилип, учууга жөндөмдүү болуп калат. Алар экиден ашык  жумуртканы баспайт. Эки жолу басып чыгаргандан кийин бир жумурткасын алмаштырып коебуз, антпесек кийин жумуртка бербей коет», - дейт ал.

Кептерлер ар кандай баада сатылат. Ар жекшемби күнү кептерлер базарга сатыкка чыгарылат.

«Учурда кептерлердин баасы  арзан болуп жатат. Анткени азыр баары жумурка басууда. Жаз  мезгилинде кептерлерге суроо-талап көп болуп, баасы көтөрүлөт. Азыр эң кичинекей кептер 50 сомго бааланса, чоңдорунун баасы 3,5 миң долларга чейин болот», - деди М.Юсупов.

Учурда 60 жаштагы М.Юсуповдун үйүндө алтымыштан ашуун кептери бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×