Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Ош облусу, Ноокат 26.06.2015 16:38

Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз бузуп өтүп, Ноокенде эгин талаадагы вагондо мыйзамсыз жашап жүргөн жеринен өзбек жарандары кармалды

Turmush -  Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз бузуп өтүп, Ноокен райондук Масы айыл округуна караштуу эгин талаада вагондо мыйзамсыз жашап жүргөн жеринен эки жаран кечээ, 25-июнь күнү Жалал-Абад ОИИБнын жана Ноокен РИИБнүн 10-бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалышты. 

Жалал-Абад ОИИБ басма сөз кызматы билдиргендей, алар Өзбекстандын Андижан облусунун Избаскен районундагы Жогорку-Чувама айылынын тургуну 1961-жылы туулган Тухтаназаров Рустамжан Ураимович жана анын уулу 1992-жылы туулган Тухтаназаров Араббай Рустамжановичтер болуп чыкты.

Учурда аталган факт боюнча Ноокен РИИБи тарабынан кылмыш иши козголуп, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×