Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Ош облусу, Ноокат 21.03.2015 11:06

Быйылкы жылы Нооруз майрамына карата Ноокаттын бардык аймагында боз үйлөр тигилип, сүмөлөк кайнатылды

Turmush -  Ош облусундагы Ноокат шаардык мэриясы Н.Исанов атындагы борбордук паркта Нооруз майрамын салтанаттуу түрдө белгиледи.

Майрамга Ош облустук мамлекеттик администрациясынын аппарат башчысы Камчыбек Салиев, райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Сабыралы Эгембердиев, шаар тургундары катышып, окуучулар жана мугалимдер тарабынан дарядалган сахналаштырылган концерттик программалар тартууланды., деп билдирди аймактык кабарчы.

Быйылкы жылы Нооруз майрамына карата райондун бардык аймагында боз үйлөр тигилип, сүмөлөк кайнатылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×