Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Ош облусу, Ноокат 04.03.2015 15:45

Ноокат жана Майлуу-Сууда А-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы төмөндөдү

Turmush -  Ош облусунун Ноокат шаарында жана Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында февраль айынын ортосунан аягына чейин А-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы төмөндөгөндүгү байкалган. Бул тууралуу КРнын экономика министрлигинин соода, ишмердүүлүк жана текшерүүнү талдоо секторунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, көрсөтүлгөн убакытта А-92 үлгүсүндөгү бензин Ноокат шаарында 43,5 сомдон 39 сомго чейин жана Майлуу-Суу шаарында 41 сомдон 37,5 сомго чейин же болбосо 11,5 жана 9,3%га төмөндөгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×