Бөлүмдөр
Жума, 17-август
Ош

Ноокатта Мекенди коргоо күнүнө жана Жеңиштин 70 жылдыгына арналган «Жетинин бири» таймашы өттү (фото)

Turmush -  Ош облусунун Ноокат районундагы Гүлистан айыл аймагынын Р.Хужамов орто мектебинде Улуу жеңиштин 70 жылдыгына жана 23-февраль Мекенди коргоо күнүнө карата 10-11-класстар арасындагы «Жетинин бири» аттуу таймашы болуп өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Анын билдирүүсүнө караганда, бул таймашта окуучулар Калашников автоматын октоо, гиря көтөрүү, газга каршы беткап (Противогаз) кийүү, кол күрөш жана аркан тартуу сыяктуу тапшырмаларды аткарышкан.

Мектептин аскерге чейинки даярдоо предмети боюнча мугалими Алишер Жусуповдун айтымында, бул иш-чаранын максаты - окуучулар арасында патриоттук сезимди күчөтүп, Мекенге болгон сүйүүсүн арттыруу.

IMG-20150221-WA0030

IMG-20150221-WA0031

IMG-20150221-WA0032

IMG-20150221-WA0033

IMG-20150221-WA0036

IMG-20150221-WA0037

IMG-20150221-WA0038

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2641
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×