Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Ош облусу, Ноокат 20.01.2015 12:00

Ноокатта пияз, сабиз жана помидорго болгон баа өзгөрүлдү

Turmush -  Ош облусунун Ноокат шаарында 8-16-январь күндөрүнө карата пияз, сабиз жана помидорго болгон баа өзгөрүлдү. Бул тууралуу Экономика министрлигинин түштүк аймактык башкармалыгынан маалымдашты.

Билдирүүгө ылайык, бул убакыт аралыгында Ноокат шаарында пиязга болгон баа бир килограммына 28,6 сомдон 27,6 сомго арзандаган же 3,5%га төмөндөгөн.

Сабиздин баасы да мурдагы 18,8 сомдун ордуна бир килосу 13,8 сомду түзүп, 26,6%га төмөндөгөн.

Ал эми помидордун баасы 16-январга карата кымбаттап, 100 сомдун ордуна 120 сомдон сатылууда же 20%га өскөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×