Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-июнь
Ош

Ноокат шаарында акыркы жума ичинде күйүүчү-майлоочу майларга болгон баа төмөндөгөнү байкалууда

Turmush -  Ош облусундагы Ноокат шаарынын аймагында 8-январдан 16-январга чейин А-80, А-92 үлгүсүндөгү майларга жана дизель отунуна болгон баанын төмөндөгөнү байкалууда.

Каржы министрлигинин Түштүк аймактар аралык башкармалыгынын соода жана ишкердикти талдоо секторунун маалыматына ылайык, көрсөтүлгөн убакытта А-80 үлгүсүндөгү бензиндин 1 литрине болгон баа 44,9 сомдон 44 сомго чейин 2% төмөндөгөн.

Ошондой эле, А-92 бензини мурунку 48,9 сомго бааланган баадан 47,5 сомго же 2,9% төмөндөдү.

Ноокат шаарынын аймагында дизель отунунун баасы 16-январга карата 42 сомго бааланды. Бул баа мурунку 42,5 сомдук көрсөткүчтөн 1,2% төмөндөдү.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1475
Көп окулду
×