Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Ош облусу, Ноокат 30.12.2014 11:27

Ноокат шаарында эки маршруттук каттам ишке киргизилди (фото)

Turmush -  Ноокат шаарында райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилгинин сунушу менен алгачкы маршруттук каттамдар ишке киргизилди. Бул тууралуу Ноокат райадминистрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шаардык мэрия, Айлампа-«Райондук электр тармактары» ишканасы-Аба майданы-«Барын» муниципалдык базары-Мал базар- Санэпидстанция-Базар-Аймактык оорукана багытында бир каттам, Аймактык оорукана-Базар-Санэпидстанция-Мал базар-«Барын» МБ-Аба майданы-Милиция- РЭТ-Айлампа-Шаардык мэрия каттамы боюнча экинчи каттам иштей баштады.

Маалым болгондой, аталган каттамдардын ачылыш аземине райондун мамлекеттик администрациясынын башчысы Б.Айтиев, орун басарлары М.Дүйшеев, С.Эгембердиев, Ноокат шаарынын мэри Б.Тургунбаев жана мекеме, ишканалардын жетекчилери, аксакалдар катышып, алгачкы жүргүнчүлөрдөн болушту.

Белгилей кетсек, шаар тургундарын маршруттук каттамдар менен камсыз кылуу кызматын «Бек-Нем-Транс» жоопкерчилиги чектелген коому өз мойнуна алган. Жол акы чондор үчүн 10 сом, ал эми мектеп окуучулары үчүн 3 сом.

28

29

30

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×