Turmush — Манас районундагы Жайылган айылынын аталышы тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы жергиликтүү аксакалдардан маалымат алды.
Алардын маалыматына караганда, жердин тегиздигинен улам Талас дарыясы бул аймакка келгенде жайылып аккандыктан айылды Жайылган деп аташкан. Айылдын аймагында илгери шаар болгону айтылат.
«Биз кичинекей кезибизде айылдын ортосунда чоң дөбө, анын айланасында майда чуңкурлар бар эле. Баамыбызда алар зыңдан болсо керек. Айылдын атын Асылбай аттуу аксакал атаган дешет. Айылды курчаган чептер да бар болчу. Алардын бары бузулуп, жок болду. Айыл 1900-1902-жылдардын ичинде тоо этектеги жана Жон-Дөбөдөгү журтту көчүрүп келип, отурукташтыруу менен негизделген», - деди аксакалдар.
Айылда 1500гө жакын адам жашап, мал чарбачылык, дыйканчылык менен алектенет.